🌿 Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Химизация, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин адистери “30+20+10” долбоорунун алкагында фермерлер менен талаа жыйынын өткөрүштү.
🌱 Жолугушууда тамеки өстүрүүнүн негизги маселелери, анын ичинде жердин сапаты, суроо-талапка ээ болгон сортторду тандоо, экспорттук потенциал жана жаңы өстүрүү технологияларын киргизүү талкууланды.
🧪 Адистер келечектеги сунуштарды берүү үчүн топурак үлгүлөрүн алышты, ал эми фермерлер өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көйгөйлөрүн жана сунуштарын бөлүштү.
📈 2024-жылы Грецияга 99,2 тонна, Вьетнамга 60,3 тонна тамеки, ал эми Россияга 477 тонна тамеки калдыктары экспорттолгон.
🚀 2025-жылдын тогуз айында экспорттук көрсөткүчтөр өсүүнү улантып, Грецияга 288 тонна тамеки, Россияга 187 тонна калдыктар жана Казакстанга 18 тонна тамеки жеткирилди.
🌍 Экспорттун географиясынын кеңейиши тармактын туруктуу өсүшүн көрсөтүп турат. “30+20+10” долбоору фермерлерди колдоого, айыл чарба өндүрүшүн модернизациялоого жана кыргыз продукциясын эл аралык рынокторго илгерилетүүгө багытталган.






