


🌿 Кыргызстандын делегациясы Европа жана Жер Ортолук деңиз өсүмдүктөрүн коргоо уюмунун (EPPO/OEPP) Ташкентте өткөн жыйынына катышты.
🌱 Жыйында эл аралык фитосанитардык стандарттарды киргизүү, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын туруктуу колдонуу жана көзөмөл процедураларын санариптештирүү маселелери талкууланды.
🤝 Кыргыз делегациясы EPPOнун башкы директору Ольга Тикка менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кызматташтыкты тереңдетүү, эл аралык программаларга катышуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча талкуулашты.
🌍 Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын фитосанитардык кызматтарынын жетекчилеринин үч тараптуу жолугушуусунда карантиндик объекттер жана чегирткелер менен күрөшүү, чек ара аймактарындагы тобокелдиктерди азайтуу жана биргелешкен окутууларды өткөрүү боюнча демилгелерди ишке ашырууга даярдык тастыкталды.
🚜 Кыргыз тарап EPPOнун аракеттерине толук колдоо көрсөтүп, регионалдык фитосанитардык коопсуздукту жана азык-түлүк туруктуулугун чыңдоого болгон умтулуусун ырастады.