Кыргызстан-Тажикстан чек арасында тосмолор орнотулууда

Бүгүн Баткен облусунун Кошмоло аймагында кыргыз-тажик чек арасында тосмо орнотуу иштери башталды. Иш-чарага Камчыбек Ташиев онлайн катышып, чек арачы кызматкерлер үчүн шарттар түзүлдү.

🇰🇬 Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында тосмолорду орнотуу иштери башталды.

🔧 Баткен облусундагы Кошмоло Торт-Гүл айыл аймагында чек араны коргоо боюнча иштер башталды. Бул иш-чарага Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн форматта катышып, ишти баштоо үчүн старт берди.

👥 Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Назырбек Борубаев жана Баткен облусунун президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышты.

🏕 Чек арадагы иштерди камсыздоо үчүн атайын талаа лагери уюштурулуп, чек арачылар үчүн бардык шарттар түзүлдү жана зарыл техника жеткирилди.

📏 Биринчи этапта 420 чакырымдык кыргыз-тажик чек арасы боюнча тосмолор орнотулат. Бул иштерди жыл аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

🤝 Март айында Бишкекте эки өлкөнүн президенттери чек ара боюнча келишимге кол коюшкан.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x