🇰🇬 Кыргызстандын «Кыргыз Экспорт» борбору Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы Экспорт агенттигинин жана «Таджпромэкспорт» мамлекеттик ишканасынын Согдий облусундагы филиалынын өкүлдөрү менен жемиштүү жолугушуу өткөрдү.
🤝 Жолугушуунун негизги максаты – эки өлкө ортосундагы өз ара сооданы өнүктүрүү жана Кыргызстандын продукциясын Тажикстанга экспорттоону көбөйтүү болду.
🥩 Жолугушууда эт азыктары, жеңил өнөр жай товарлары жана айыл чарба продукцияларын жеткирүү маселелери талкууланды.
🛍️ Эки тарап экспортчулар ортосундагы кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Согдий облусундагы «Сомон» базарында кыргыз соода катарларын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашты.
🌍 Кыргыз өндүрүүчүлөрүнө «Сугд-2026» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу сунушталды, анда жергиликтүү ишканалардын продукциясы көрсөтүлөт.
🚛 ОАО «Агрохолдинг» компаниясынын колдоосу менен эт азыктарын жеткирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул эки өлкө ортосунда туруктуу логистикалык чынжырларды түзүүгө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын жогорулатууга шарт түзөт.






