🦠 Кыргызстан гепатит В вирусуна каршы күрөшүүдө эл аралык максаттарга жетишти.
👶 20 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасында гепатит В вирусунун бир дагы учуру катталган жок.
📉 2000-жылдан 2020-жылга чейин жалпы республика боюнча оорунун деңгээли 14 эсеге, ал эми балдар арасында 145 эсеге төмөндөгөн.
💉 Бир жашка чейинки балдарга гепатит В вирусуна каршы эмдөө үч этапта жүргүзүлөт: төрөт үйүндө, 2 айлыгында жана 3,5 айлыгында пентавакцина АКДС-ВГВ-ХИБ курамында.
🧾 Кыргызстан “Гепатит В вирусуна каршы улуттук эмдөө программасын” ишке киргизгенден кийин, балдар арасында максаттуу көрсөткүчтөргө жетишти жана бул ийгиликтер тастыкталды.
👨👩👧👦 Гепатит В вирусунун 91% учурлары 20-60 жаштагы адамдар арасында катталат.
🆓 2022-жылдын декабрынан баштап, Кыргызстанда чоңдор үчүн гепатит В вирусуна каршы акысыз эмдөө башталды.
🔬 Изилдөөлөр гепатит В вирусуна каршы эмдөөнүн 95% натыйжалуулугун көрсөтөт. Вакцина бул коркунучтуу вируска каршы эң күчтүү курал болуп саналат.
🌍 Кыргызстанга киргизилген вакциналар мамлекеттик сертификаттоо жана коопсуздук талаптарына шайкештигин текшерүүдөн өтөт. Алар Европада колдонулган вакциналар менен бирдей сапатка ээ жана дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат.






