[adrotate_integration id=”2″]
🌏 Кыргыз Республикасы Япониянын эң ири туристтик көргөзмөсү Tourism EXPO Japan 2025ке катышты.
🤝 Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев жана Туризмди өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү саламдашуу сөздөрүн айтышты.
📄 Nippon Travel Agency компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду, бул эки өлкө ортосундагы туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
🎶 Көргөзмөдө улуттук музыка, бийлер жана жашыл түстөгү Кыргызстандын жаркын стенди майрамдык маанай түзүп, конокторго биздин өлкөнүн маданияты жана меймандостугу менен таанышууга шарт түздү.






