🇰🇬 Кыргызстанда 17-июнда “Жаңы демократия өлкөлөрүндө конституциялык адилеттиктин калыптанышы” темасында эл аралык конференция өтөт. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган.
🌍 Конференциянын максаты – конституциялык көзөмөл органдары ортосунда диалогду бекемдөө, тажрыйба алмашуу жана глобалдык өзгөрүүлөр шартында демократиялык институттар алдында турган актуалдуу чакырыктарды талкуулоо.
🤝 Иш-чарага 20 чет мамлекеттен делегациялар, эл аралык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышат. Алардын катарына Египеттин Жогорку Конституциялык соту, Филиппиндин Жогорку соту, Африка конституциялык юрисдикциялар конференциясы жана башка конституциялык соттор кирет.
📚 Иш-чаранын программасына пленардык сессиялар, тематикалык панелдик дискуссиялар жана Евразиялык конституциялык көзөмөл органдары ассоциациясынын мүчөлөрү комитетинин жыйыны кирет.
🔗 Конференция укуктун үстөмдүгүн, сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болот.