🌍 Бишкекте, Дохада өтүп жаткан Экинчи Дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катар мамлекетинин Социалдык өнүгүү жана үй-бүлө министри Бутайна бинт Али Аль Джабр Аль Нуайми менен жолугушту.
🤝 Жолугушууда социалдык-труддук жаатта өз ара кызыкчылык жараткан маселелер, анын ичинде социалдык коргоо механизмдерин өнүктүрүү, алсыз катмардагы калкты колдоо жана үй-бүлөнүн коомдогу маанисин бекемдөө талкууланды.
💬 Канат Сагынбаев катар тарапка жылуу кабыл алганы жана жолугушууну уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди, Кыргызстан Катар менен гуманитардык жана социалдык кызматташтыкты бекемдөөгө чоң маани берерин белгиледи.
📈 Жолугушууда социалдык саясат, социалдык кызматтарды цифрлаштыруу, балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо жана кесиптик даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендиги айтылды.
👩👧👦 Аялдар жана балдарды социалдык коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана жаштар үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
📝 Министр Сагынбаев эки министрликтин ортосунда институттук байланыштарды орнотуу боюнча кызыгуусун билдирди жана Кыргыз Республикасы менен Катар мамлекетинин министрликтеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга сунуш жасады.
🤗 Бутайна бинт Али Аль Джабр Аль Нуайми катар тараптын өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө даяр экенин белгилеп, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.
🤝 Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар жетишилген келишимдерге канааттануусун билдирип, социалдык укуктарды коргоо жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын белгилешти.












