• Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев 9-августта Казакстанда Тажикстандын энергетика жана суу чарба министри Далер Шофакир Жумамен жолугушту.
• Жолугушууда “CASA-1000” долбоору талкууланды, бул долбоор Борбордук Азиянын энергетикалык системасын Түштүк Азия менен байланыштыруу максатын көздөйт жана 2024-жылдын аягында ишке киргизилиши пландалууда.
• Учурда Кыргызстанда долбоорду ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. 500 кВ электр линиясынын 456 км узундугу боюнча курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
• “Датка” подстанциясындагы 500 кВ кубаттуулуктагы клетка толук курулуп бүттү, ошондой эле опорлордун монтажы 100% аякталды. 456 км электр линиясынын 428 км бөлүгү орнотулду.
• Курулуш иштерин 2023-жылдын августунун аягына чейин толук аяктоо пландалууда. Энергетика министрлери Тажикстан жана Кыргызстан ортосундагы иштелип чыккан иштерди тестирлөө боюнча иш-чараларды өткөрүү пландарын түзүштү.
• Алар аба линияларын, трансформаторлорду жана подстанцияларды сынап көрүшөт. Тестирлөө жана кемчиликтерди оңдоп чыккандан кийин долбоор толук ишке киргизилет.
• “CASA-1000” долбоору Кыргызстан жана Тажикстанды Афганистан жана Пакистан менен байланыштырып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын соодалоо механизмдерин иштеп чыгууну камсыздайт.