Кыргызстанда өндүрүлгөн паспорттор Түштүк Африкага экспорттоло баштады.

«Учкун» компаниясы Намибия менен 130 миң биометрикалык паспорт жеткирүү боюнча келишим түздү. Намибиянын өкүлдөрү документтердин сапатын жогору баалап, кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

[adrotate_integration id=”2″]

📄 Кыргызстандын “Учкун” акционердик коому Намибия менен 130 миң биометрикалык паспорт жеткирүү боюнча келишим түздү.

✈️ Алгачкы продукция ийгиликтүү жөнөтүлүп, Намибия тарап документтердин сапатына жогору баа берип, ыраазычылык билдирди.

🤝 Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке экинчи келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келди жана “Учкун” менен башка тармактарда да кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

🌍 Бул ийгилик президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана демилгеси менен мүмкүн болду, анын жетекчилигинде мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү активдүү өнүгүүдө жана полиграфиялык тармак эл аралык деңгээлге чыгып жатат.

🇰🇬 Кыргызстан мурда биометрикалык паспортторун чет өлкөлөрдө өндүртүп келсе, бүгүнкү күндө өзүнүн сапаттуу документтерин экспорттоп, эл аралык аренада атаандаштыкка жөндөмдүү болууга багыт алууда.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген