📚 Кыргызстанда 36 миң мугалим санариптик сабаттуулук боюнча курстарды аяктады.
💻 Тренинг мугалимдердин компьютердик жөндөмүн өнүктүрүүгө жана технологияны окуу процессине интеграциялоого багытталган.
🌐 Курстардын алкагында мугалимдер Интернетти колдонууну, Microsoft Word программасында документтерди түзүү жана түзөтүү, ошондой эле презентацияларды иштеп чыгууну өздөштүрүштү.
📊 Курста медиа жана маалыматтык сабаттуулук, санариптик жарандык принциптери жана билим берүү процессине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды интеграциялоо маселелери да камтылган.
👩🏫 Алынган билим мугалимдерге сабак пландарын иштеп чыгууга, санариптик контентти түзүүгө жана онлайн платформалар аркылуу студенттер менен баарлашууга жардам берет.
🎓 Тренинг 1200 пилоттук мектептин мугалимдери үчүн Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү жана бардык катышуучулар квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарды ала алышат.