Кыргызстанда 3800дөн ашуун мектеп жана социалдык объекттер жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулду.

Кыргызстанда акыркы жылдары 4000 км оптикалык байланыш линиялары курулуп, 3800дөн ашуун мектеп, оорукана жана социалдык объекттер жогорку сапаттагы интернетке кошулду. Бул аракеттер өлкө боюнча туруктуу, тез жана жеткиликтүү интернетти камсыздоого багытталган.

[adrotate_integration id=”2″]

📡 Кыргызстанда акыркы жылдары 4000 чакырымдан ашуун волоконно-оптикалык байланыш линиялары курулду, бул аркылуу 3800дөн ашуун мектеп, оорукана жана социалдык объекттер жогорку сапаттагы интернетке туташтырылды.

🌍 Цифралык өнүгүү министринин айтымында, интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу өлкөнүн эң алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында да башталууга тийиш.

🔧 Интернеттин сапатын жакшыртуу үчүн 212 жаңы байланыш түйүнү курулду, 3900 чакырымдан ашуун волоконно-оптикалык линиялар төшөлдү жана DWDM/MPLS технологиялары боюнча 30 заманбап магистралдык түйүндөр жайгаштырылды.

🤝 Казакстан жана Өзбекстан менен жаңы эл аралык байланыштар уюштурулду, бул болсо интернеттин туруктуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жардам берет.

🚀 Жамангулов белгилегендей, бул чаралар өлкө боюнча туруктуу, тез жана жеткиликтүү интернетке карай маанилүү кадам болуп саналат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген