🦠 Кыргызстанда 2025-жылдын 29-апрелине карата кызамык оорусунун 6 102 учуру катталды.
📉 Жалпы учурлардын ичинен Бишкек шаарында 3 791, Ош шаарында 384 учур катталган.
👶 Өлүм учурларынын 9у катталган: 6сы бир жашка чейинки балдар арасында, 2си узак мөөнөттүү медициналык чектөөлөрү бар адамдарда жана 1и эмдөөдөн баш тарткан учурда.
💉 Ооругандардын 94%ы эмдөөдөн өтпөгөндөр: алардын ичинен 30%ы жаш курагына жараша эмдөөдөн өтпөгөн, 45%ы эмдөөдөн баш тарткан, 9%ы медициналык чектөөлөрү бар, 2%ы мигранттар, ал эми 9%ында эмдөө статусу белгисиз.
🧪 Республика боюнча кызамыкка каршы эки этаптуу иммунизациянын натыйжасында 9 айдан 7 жашка чейинки 906 миңден ашуун бала эмдөөдөн өткөрүлдү.
📋 КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын 11-апрелинде № 380 буйругун чыгарды, анда пландалган иммунизацияны өткөрүп жиберген балдар, өспүрүмдөр жана чоң кишилер үчүн компенсациялык эмдөө жүргүзүү каралган.
🏥 14-26-апрель аралыгында 2000ден ашуун медициналык кызматкерди камтыган тренингдер өткөрүлдү.
🔜 12-майдан баштап компенсациялык иммунизация жүргүзүлөт, учурда даярдык иш-чаралары жүрүп жатат: вакциналар жана керектөө материалдары аймактарга жеткирилүүдө.