







🏠 Кыргызстанда 2030-жылга чейин ипотекалык программалар аркылуу жарандарга 62 миңден ашуун батир курулуп берилет.
📊 Бишкек шаарында 17 415, Чүй облусунда 17 610, Ысык-Көл облусунда 5 115, Нарын облусунда 433, Талас облусунда 319, Ош облусунда 5 899 жана Баткен облусунда 4 272 батир курулат.
🏗️ Жалпы турак жайдын аянты 4 миллион чарчы метрден ашык болуп, алдын ала сметалык баасы 230 миллиард сомду түзөт.
💼 “Менин үйүм” программасы аркылуу батирлер ар кандай шарттар менен берилет: бюджеттик кызматкерлерге 4% жылдык үстөк менен 25 жылга чейин, көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптарга жана алардын камкорчуларына, жаш адистерге жана жалгыз бой энелерге социалдык ипотека, жеке сектордо иштегендерге 8% үстөк менен жеткиликтүү ипотека жана 50% баштапкы төлөм менен 15 жылдык мөөнөткө долевое курулуш.
💰 ГИКтин статуттук капиталы 80 миллиард сомдон ашып, бул компаниянын туруктуулугун камсыз кылат жана мамлекеттик турак жай программаларын кеңири ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
🌟 Жээнбаевдин айтымында, 50 миңге жакын үй-бүлөнүн турак жай алуу үмүтү социалдык прогресстин чыныгы көрсөткүчү болуп саналат жана өлкөнүн келечегине болгон ишенимди бекемдеп, жарандардын жашоо сапатын жакшыртат.