📚 Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды каттоо боюнча автоматташтырылган маалымат системасында 13-августка карата 75 миңге жакын бала катталбай калган.
📈 Билим берүү министрлиги балдардын билим алуу укугун коргоо жана жарандардын кайрылууларын эске алуу менен айрым мектептерде квотаны көбөйтүү боюнча чечим кабыл алды. Бул үчүн 13-августтан 15-августка чейин кошумча квоталар ачылды.
🔒 Системанын ашыкча жүктөлүшүн жана окуучулардын кайра-кайра катталышын алдын алуу максатында, бул үч күндө “Каттоону жокко чыгаруу” баскычы убактылуу өчүрүлдү. Бул чара системанын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого жана административдик кыйынчылыктарды азайтууга багытталган.
📅 15-августта мектепке балдарды негизги каттоо аяктайт. Андан кийин бардык маалыматтар “Күндөлүк” системасына өткөрүлүп берилет, жана мектеп администрациялары класстарды толуктоо процессин баштайт.
📝 Бардык ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр 5-сентябрга чейин мектепке баланын ден соолук абалы жана эмдөө картасынын түп нускаларын тапшырууга милдеттүү.






