🪨 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан сырткары жерлерге чийки же орой түрдө бөлүнгөн, блокторго же тик бурчтуу, чарчы плиталарга кесилген ракушечник-известняктын экспортун убактылуу токтотту.
📜 Тиешелүү чечимди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
⏳ Бул убактылуу чектөө алты айлык мөөнөткө киргизилип, токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин башталат.
🗓 Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
🔚 Бул чаралар Кыргызстандын минералдык ресурстарын коргоого жана ички рынокту колдоого багытталган.






