

🎨 Бишкекте «Амантай жана Айтуяк» аттуу мектепке чейинки балдар үчүн анимациялык сериалдын авторлору билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту.
📚 Иш-чарада 12 сериядан турган мультфильмдин синопсистери сунушталып, катышуучулар мазмуну боюнча кесиптик сунуштарын беришти.
🌱 Сериалдын сценарийи балдардын адеп-ахлактык сапаттарын өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, китепке жана билим алууга кызыгууну арттырууга багытталган.
👩🏫 Сериалдын мазмуну боюнча тажрыйбалуу тарбиячылар жана эрте курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча адистер иш алып барышат.
🔍 Бул демилге балдардын өзүн-өзү өнүктүрүү жана өз ара колдоо көрсөтүү жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө көмөкчү болот.