





🌞 2025-жылы жайкы ден соолукту чыңдоо кампаниясынын алкагында балдардын биринчи агымы эс алууга жөнөтүлдү.
👧🏻 Чүй облусу, Бишкек, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 500 бала биринчи агымга катышып жатат.
💰 Жайкы эс алууну өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом бөлүндү.
👨🦽 Кампаниянын алкагында жалпы 1200 бала, анын ичинде 1000 өспүрүм жана 200 мүмкүнчүлүгү чектелген бала эс алат.
🏥 Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар сентябрда “Алтын-Балалык” борборунда кошумча реабилитациядан өтүшөт.
🎯 Программа социалдык жактан аялуу катмардагы балдардын ден соолугун жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган.
🤝 Министрлик жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана башка камкордукка муктаж балдарга эс алуу жана ден соолукту чыңдоо уюштурат.