💰 Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк аманат күнүнө карата кампания башталат.
📈 28-октябрдан 1-ноябрга чейин өлкөдө калктын финансылык сабаттуулугун жана акча топтоо маданиятын жогорулатууга багытталган иш-чаралар өтөт.
🎓 Акциянын алкагында ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар жана конкурстар уюштурулуп, эл аманат кылуунун маанилүүлүгүн жана аны көбөйтүүнүн жолдорун түшүнүүгө жардам берет.
🏦 31-октябрда Бишкек шаарында каржы жарманкеси өтүп, анда тургундар банк жана микрофинансылык кызматтар боюнча кеңеш ала алышат. Жарманкеге катышуу акысыз.
🌍 Иш-чаралар тууралуу маалымат Finsabat порталында жеткиликтүү, ал жерден алдыда боло турган иш-чаралар тууралуу маалымат ала аласыз.