



[adrotate_integration id=”2″]
🛡️ Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтык кербен башталды.
👥 Иш-чара Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жана Балдарды коргоо борбору тарабынан уюштурулуп, 24-октябрга чейин уланат.
🎓 Иш-чаралардын максаты – балдарга өзүн жана айлана-чөйрөнү сыйлоону үйрөтүү, үй-бүлөдө жана билим берүү чөйрөсүндө позитивдүү тарбиялоонун натыйжасында активдүү жашоо позициясын калыптандыруу.
🏫 Маалыматтык кербен Бишкек шаарындагы №101 орто мектептен башталып, ага Кыргыз Республикасынын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жана Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева катышты.
🤝 «Балдардын коопсуздугу үчүн күч-аракетти бириктирели» аттуу маалыматтык-агартуу иш-чараларынын алкагында педагогдор, ата-энелер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен зомбулуктун алдын алуу жана балдарды коргоо системасын чыңдоо боюнча практикалык кадамдар талкууланды.
🧠 Балдарды позитивдүү тарбиялоо боюнча практикалык көнүгүүлөр жана балдар-ата-эне мамилелерин чыңдоо боюнча психологиялык консультациялар өткөрүлдү.
📚 Иш-чаралар Ысык-Көл облусунун Түп жана Жети-Өгүз райондорундагы жалпы билим берүү мекемелеринде өткөрүлөт.






