🌍 Бишкекте жер титрөө боюнча маалыматтар берилди.
🔍 Биринчи жер титрөө 22-мартта, жергиликтүү убакыт боюнча 09:18де катталды. Эпицентр Тоскоол айылынан 6 км батышта, Массы шаарынан 14 км түштүк-чыгышта жана Майлуу-Суу шаарынан 16 км түштүк-чыгышта жайгашкан.
📊 Толкундардын күчү эпицентрде 3 балл болду. Тоскоол айылында 3 балл, Майлуу-Суу жана Массы шаарларында 2,5 балл, Кочкор-Ата шаарында 2 балл деп бааланган.
⏰ Экинчи жолу 11:30да жер титрөө катталды. Эпицентр Тажикстанда, күчү 3,5 балл болду. Жер титрөө Раззаков шаарынан 28 км түштүк-батышта, Ак-Суу жана Коммуна айылдарынан 18-20 км аралыкта орун алды.
📉 Ак-Суу жана Коммуна айылдарында толкундар 3 балл күчүндө сезилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрү жана кыйроолор катталган жок.






