🔥 Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 41 өрт катталды.
🚒 Бишкекте 10, Чүй облусунда 13, Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 6, Баткен облусунда 2 жана Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарында бирден өрт болду.
👨🚒 Өрттөрдү өчүрүүгө 45 өрт өчүрүүчү бригада тартылды.
🚗 Бишкектин Биринчи Май районунда BMV X5 жана “Мицубиси-Паджеро” автоунаалары толугу менен күйүп кетти, ошондой эле “Ауди-100” автоунаасынын бампери өрттөнүп кетти.
🔍 Өрттүн себеби аныкталып жатат, окуядан эч ким жабыркаган жок.






