🚛 Бишкекте биринчи эл аралык логистика жана транспорттук KyrgyzTransLogistic көргөзмөсү ачылды.
🌍 Иш-чарага экономика министринин орун басары Назарбек Малаев баш болгон жогорку даражалуу жетекчилер жана Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
📈 Көргөзмө транспорттук логистика чөйрөсүндөгү келечектеги багыттарды талкуулоо жана тажрыйба жана инновацияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтчаны түзүүгө багытталган.
🤝 Ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Түркиядан 35тен ашык ири компаниялар катышып, логистика тармагындагы заманбап иштеп чыгууларды жана кызматтарды тартуулашат.
🚀 Министрдин орун басары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жана санариптештирүү транспорттук-логистикалык процесстердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын жакшырышына өбөлгө болгонун белгиледи.
📅 Мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат, ал мамлекет, бизнес жана илимий коомчулуктун өз ара байланышын чыңдоодо маанилүү роль ойнойт.