🌾 Кыргызстанда дан эгиндерин жыйноо иштери аяктап, рекорддук көрсөткүчкө жетти.
📊 2024-жылдын 4-ноябрына карата 638,5 миң гектар аянтта дан эгиндерин оруп-жыюу аяктады, бул пландалган көлөмдүн 95,6%ын түзөт. Бул былтыркыдан 188,1 миң гектарга көп.
🌱 240,5 миң гектар аянтта буудай оруп-жыюу аяктады, бул 2023-жылга салыштырмалуу 37,8 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 30,0 ц/га түзүп, 6,6 ц/га өскөн.
🌾 Буудайдын дүң жыйымы 722,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 248,2 миң тоннага көп жыйналды. Эң жогорку түшүм Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында катталган.
🌽 Арпа оруп-жыюу 245,9 миң га аянтта аяктады, бул өткөн жылга салыштырмалуу 44,6 миң га көп. Түшүмдүүлүк 26,0 ц/га түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 4,9 ц/га жогору.
🌽 Арпанын дүң жыйымы 638,3 миң тоннага жетип, 214,0 миң тоннага өстү. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгүн Чүй облусу көрсөттү – 29,1 ц/га.
🌽 88,1 миң гектар аянттан жүгөрү орулуп, түшүмдүүлүк 69,3 ц/га болуп, былтыркыдан 1,2 ц/га жогору. Жүгөрүнүн дүң жыйымы 610,7 миң тоннаны түздү.
🥔 Картошка жыйноо иштери 64,6 миң га аянтта аяктап, түшүмдүүлүк 178,8 ц/га болуп, былтыркыдан 2,4 ц/га жогору. Картошканын дүң жыйымы 1155,3 миң тоннаны түздү.
🥕 Жашылчалардын жалпы дүң жыйымы 1155,3 миң тоннаны, ал эми дарбыздан 336,5 миң тоннаны түздү.
🌱 Кант кызылчасы 9,1 миң га аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк 623,2 ц/га болуп, былтыркыдан 155,1 ц/га жогору. Кызылчанын дүң жыйымы 568,5 миң тоннага жетип, 2023-жылга салыштырмалуу 219,8 миң тоннага көп.