Кыргызстанда Черногориянын ардактуу консулдугу ачылды

Кыргызстанда Черногориянын почеттуу консулдугу ачылды. Бул иш-чара Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин расмий сапарынын алкагында өттү. Консулдук эки өлкөнүн жарандарын жана бизнес коомчулугун байланыштырып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат.

🇲🇰 Бишкекте Черногориянын почеттуу консулдугу ачылды.

🏛️ Черногориянын тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимовичтин Кыргызстандагы расмий визити учурунда почеттуу консулдук ачылды. Бул консулдук эки мамлекеттин жарандары жана бизнес коомчулуктары үчүн «практикалык көпүрө» болуп кызмат кылат.

🤝 Жаңы дайындалган почеттуу консул Бекназар Асановдун айтымында, консулдуктун негизги максаты экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Бул багытта эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү пландалууда.

✈️ Кыргызстан менен Черногориянын ишкерлерин бириктирүү боюнча активдүү аракеттер жүргүзүлөт. Азыркы учурда Черногориядан келген инвесторлор Кыргызстанга кызыгып жаткандыгы белгиленди.

📈 Келечекте ири эки тараптуу бизнес форумун өткөрүү жана түз авиарейстерди ачуу маселеси каралууда. Казакстан жана Өзбекстан менен түз авиабайланыштар орнотулгандыктан, Кыргызстанда да ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүү туризмди өнүктүрүүгө жана бизнес байланыштарды жеңилдетүүгө шарт түзөт.

🏗️ Черногория тарап кичи ГЭСтерди куруу, курулуш тармагы жана өндүрүшкө инвестиция салууга кызыкдар. Бул тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү пландалууда.

🤝 Учурда эки өлкөнүн соода-өнөржай палаталарынын ортосундагы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүүдө, бул өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген