📲 Кыргызстанда электрондук кезек системасына жаңы мүмкүнчүлүктөр киргизилди.
🕒 Онлайн-бронирование азыркы учурда калкты тейлөө борборлору менен чектелбестен, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору, ошондой эле кадастр үчүн да жеткиликтүү.
📊 Тейлөө борборлорунда жана мобилдик колдонмо аркылуу реалдуу убакытта келгендердин саны көрсөтүлүп, жарандарга эң аз жүктөлгөн филиалды тандоого жардам берет.
🎟️ Бронировани талондордун саны көрсөтүлүп, жарандарга өз визитин пландаштырууда ыңгайлуулук жана ачыктык камсыздалат.
🗓️ Азыр жарандар алдын ала ыңгайлуу убакыт жана жай тандоого, «Түндүк» колдонмосу аркылуу онлайн кезек резервдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
💻 Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин санариптештирүү улантылууда. Жаңы функциялардын киргизилиши мамлекеттик кызматтарды алуу процесси жарандар үчүн эң жеңил, ачык жана ыңгайлуу болуусун максат кылат.
⏳ Жаңы система аркылуу күтүүнүн убактысы кыскартылып, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүк жогорулайт.






