🌾 Кыргыз Республикасында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча учурдагы абал 2025-жылдын 2-июлуна карата: Зыяндуу чегирткелер жыл сайын өлкөнүн айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратып, түшүмдүүлүктү азайтып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат.
📈 2025-жылы чегирткелердин биринчи пайда болушу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 3-апрелде, ал эми Чүй облусунун Панфилов районунда 3-майда катталган. Эрте келген жаз, кургакчылык жана май айындагы аномалдуу жогорку температура чегирткелердин массалык көбөйүшүнө шарт түздү.
🔍 2025-жылдын 2-июлуна карата Республикалык химиялык иштетүү, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин адистери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өлкө боюнча 144 673 гектар жерди текшеришкен. Анын ичинен 103 696 гектар жерден зыяндуу чегирткелер табылган.
✈️ Бүгүнкү күнгө чейин 92 709 гектар аянтка химиялык иштетүү жүргүзүлүп, бул чегирткелердин очокторунун 90% түзөт. Иштетүү Департаменттин атайын техникасы – 10 Микронер АУ-8115М аппараты жана 5 трактордук чачкыч, ошондой эле “Шумкар” ЖЧКнын жеңил авиациясы менен жүргүзүлдү.
🗺️ Облустар боюнча абал төмөнкүдөй: Жалал-Абад облусу 45 378 га текшерилип, 33 010 га чегиртке табылган. 32 790 га жер иштетилген. Ош облусу 26 870 га текшерилип, 22 050 га чегиртке табылып, 17 700 га жер иштетилген. Баткен облусу 29 300 га текшерилип, 24 030 га чегиртке табылып, толук аянт иштетилген, анын ичинен 3 410 га жеңил авиация менен иштетилген. Чүй облусу 24 273 га текшерилип, 10 316 га чегиртке табылып, 6 919 га жер иштетилген. Учурда Суусамыр өрөөнүндө иш жүргүзүлүүдө. Талас облусу 8 200 га текшерилип, 6 250 га чегиртке табылып, 3 430 га жер иштетилген. Нарын облусу 10 652 га текшерилип, 8 040 га чегиртке табылып, 7 840 га жер иштетилген.
✅ Баткен жана Талас облустарында күрөш иштери аяктады, Ош жана Жалал-Абад облустарында ушул жуманын ичинде аяктайт, ал эми Чүй (Суусамыр өрөөнү) жана Нарын облустарында иш жүрүп жатат. Департаменттин көзөмөлүндө, керектүү пестициддер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдар толук камсыздалган.
🤝 Кошуна өлкөлөрдөгү абал: 2025-жылдын 27-31-майында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өсүмдүктөрдү коргоо боюнча адистери чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча чек ара аймактарында биргелешкен изилдөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүштү. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын адистери, ошондой эле Өзбекстандын Андижан, Наманган жана Фергана облустарынын өкүлдөрү катышты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында чек ара аймактарында Кыргыз Республикасына чегирткелердин миграциясы жана айыл чарбасына зыян келтирүү коркунучу жок экени аныкталды.
🔍 2025-жылдын 2-5-июнунда Казакстандын агроөнөр жай комплексин мамлекеттик инспекциялоо комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын (Талас жана Чүй облустары) жана Казакстандын Жамбыл облусунун чек ара аймактарында чегирткелердин очокторуна изилдөөлөр жана мониторинг жүргүзүлдү.