🌧️ 26-сентябрдан 27-сентябрга чейин Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.
❄️ Синоптиктер жаан жаап, өзгөчө тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
🌬️ Шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрден, Ысык-Көлдүн батыш тарабында 23 метрге чейин жетет.
🌡️ Абанын температурасы ар кайсы аймактарда өзгөрүлүп турат: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…10°, күндүз +14…19°, Талас облусунда түнкүсүн +2…7°, күндүзү. күндүз +14…19°, тоолуу райондордо -3° чейин үшүк жүрөт.
🚧 Туруксуз аба ырайы транспорт жана коомдук кызматтарды кыйындатат, ошондой эле айыл чарбасына, өзгөчө мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнө терс таасирин тийгизет.