⚡ Кыргызстанда тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тариф көтөрүлдү.
💡 Жаңы тариф салыктарды эсепке албаганда 1 кВт/саат үчүн 376,7 тыйын деп белгиленди.
📊 Көбөйтүү чечими жетишсиздик жана энергетикалык компаниялардын чыгымдарынын ордун толтуруу шартында ишенимдүү электр менен камсыздоо зарылчылыгына байланыштуу.
📉 Мурда тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн тариф 1 кВт/саат үчүн 287 тыйынды түзгөн.
📈 Энергетика министрлигинин болжолдоолору боюнча, 2024-жылы энергетикалык компаниялардын кирешеси 32,5 миллиард сомду түзсө, чыгашасы 40,6 миллиард сомго жетип, 8,1 миллиард сомдук тартыштыкка алып келет.
🔋 Тарифтердин көтөрүлүшү өлкөнүн энергетика системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатууга багытталган.