🦠 Кыргызстанда кызамык оорусу азайганын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
📉 1-сентябрдан 17-сентябрга чейин оорунун 49 учуру катталып, июль айында 828, август айында 260 учурга салыштырмалуу кыйла азайган.
🏥 Вирустун негизги очоктору Бишкек шаарында жана Чүй облусунун эки районунда топтолуп, анын жайылышы уланууда.
💉 Кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө кампаниялары жүргүзүлүүдө. Талас облусунда максаттуу топтогу балдардын 91%, Ысык-Көл облусунда 86%, Нарын облусунда 76%, Баткен облусунда 72% эмдөөдөн өткөн.
👶 Жыл башында ушундай эле акция Жалал-Абад облусунда да өтүп, максаттуу топтогу балдардын 88% эмдөөдөн өткөн.
📅 9 айдан 7 жашка чейинки бардык балдар эмдөөдөн өтүшөт, буга чейин вакцинанын эки дозасын алгандардан башкасы.