📈 Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээли 44,3% түздү.
🏫 Учурда толук күндүк бала бакчаларда 257 миңден ашуун бала тарбияланууда.
🎯 Максат – жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60% га жеткирүү.
🏢 Өткөн окуу жылында бала бакчалардын саны 85ке көбөйүп, жалпы саны 1997ге жетти.
📚 Билим берүү реформалары мектепке чейинки билим берүүгө да таасирин тийгизди. Жаңы стандарттар жана ишти жеңилдетүүчү документтер кабыл алынды.
💳 Ваучер системасы киргизилип, каржылоо модели толугу менен автоматташтырылды.
🏠 560 кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылып, толук күндүк тарбия берүүгө мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
🔨 Мамлекеттик банктар бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоо үчүн 10дон 70 млн сомго чейин жеңилдетилген кредиттерди бере баштады.