Кыргызстанда мугалим – эң талап кылынган кесиптердин бири.

Кыргызстанда 5-октябрда мугалимдер күнү белгиленет. Өлкөдө 131 миңден ашуун педагог 2 млн окуучуну окутат. Мугалимдердин 87%ы аялдар, алардын 8%ы жетекчилик кызматта. Орто эсеп менен бир мугалимге 16 окуучу туура келет.

🎓 Кыргызстанда 5-октябрда мугалимдер күнү белгиленет, бул күн 1994-жылы ЮНЕСКО тарабынан мугалимдердин келечек муундарды тарбиялоодогу жана окутуудагы салымын таануу максатында түзүлгөн.

📚 Өлкөдө билим берүү тармагында жумуш менен камсыз болгон адамдардын саны жалпы жумуш менен камсыз болгон калктын 10% түзөт. Кыргызстанда 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, орто жана жогорку билим берүү мекемелери бар, анда 131 миңден ашуун педагог эмгектенет.

👩‍🏫 2024/2025-окуу жылында өлкөдө 2 394 күндүзгү мектеп иштеп жатат, анда 94 миңге жакын мугалим иштейт. Шаарларда 33 миңден ашуун, ал эми айыл жерлеринде 60 миңден ашуун мугалим эмгектенет.

👩‍🎓 Мугалимдердин 87% аялдар түзөт, алардын 8% жетекчилик кызматтарда иштешет. 87% мугалимдердин жогорку билими бар.

📈 Кыргызстандын жогорку окуу жайларында ар бир бешинчи студент педагогикалык багытты тандайт. 2024/2025-окуу жылында 8 миңден ашуун келечектеги мугалимдер окуусун аяктады.

🌟 Мугалимдердин келечек муундарды тарбиялоодогу ролу жана алардын билим берүү тармагындагы салымы зор мааниге ээ.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген