🎓 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Эл үмүтү” аттуу президенттик эл аралык стипендиясына арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялады. Бул программа таланттуу жаштарды чет өлкөдө магистратура жана PhD программалары боюнча билим алууга колдоо көрсөтүүгө багытталган.
🌍 Стипендия дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин катарына кирген QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдерине кирген жогорку окуу жайларда окуу үчүн берилет.
💰 Программанын каржылоосу Кыргыз Республикасынын Президентинин Фонду тарабынан жүргүзүлөт. Стипендия жеке адамдарга берилет жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча ыйгарылат.
📚 2025-жылы “Эл үмүтү” программасы боюнча 50 стипендия каралган: 20 стипендия техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистратурага, 10 стипендия экономикалык адистиктер боюнча магистратурага, 10 стипендия социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистратурага, 10 стипендия доктор философии (PhD) программалары боюнча окууга берилет.
📄 Кандидаттарга коюлган талаптардын толук тизмесин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтынан жүктөп алууга болот.