🛒 Кыргызстанда сүт азыктарын сатуу боюнча жаңы эрежелер киргизилүүдө.
📅 18-сентябрдан тартып сүт жана сүт камтыган азыктар өзүнчө сакталат жана сатылат.
📜 2025-жылдын 17-июнунда кабыл алынган токтомго ылайык, соода субъекттери сүт азыктарын өзүнчө бөлүктөрдө, витриналарда же текчелерде жайгаштырууга милдеттүү.
🔍 Сүт камтыган азыктардын курамы тууралуу так жана ишенимдүү маалымат берүү зарыл, бул керектөөчүлөрдүн туура эмес түшүнүүсүн алдын алат.
🏢 Бул чаралар Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык регламентине ылайык ишке ашырылат.






