Кыргызстанда санарип сомду колдонуу эрежелери бекитилди

Президент Садыр Жапаров улуттук санарип валютасы - санарип сом боюнча мыйзамга кол койду. Бул мыйзам санарип сомду ишке киргизүү үчүн укуктук негиздерди түзүүнү жана анын статусун аныктоону көздөйт.

🇰🇬 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Улуттук санарип валютанын – санарип сомдун укуктук статусу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

📅 Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

🔄 Мыйзамдын негизги максаты – улуттук санарип валютанын “санарип сом” прототибин сыноо долбоорун ишке киргизүү жана анын укуктук негиздерин түзүү.

📜 Мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Бюджеттик кодексине жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамына санарип сом боюнча жаңы жоболорду киргизүүнү карайт.

🚫 Граждандык кодекстин 89-беренесине юридикалык жактар жана жеке ишкерлердин фирмалык аталыштарында “санарип сом” жана “санарип сом платформасы” деген сөздөрдү колдонууга тыюу салуу нормасы кошулду.

💰 Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине 303-1-берене киргизилип, санарип сомду кабыл алуудан баш тартуу үчүн айып салуу каралган.

📖 “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамга улуттук санарип валютага байланыштуу жаңы аныктамаларды кошуу каралган.

💳 Санарип сом платформасында төлөмдөрдү уюштуруу жана санарип сом менен эсептешүүлөрдүн аягына чыгышы боюнча талаптарды камтыган 3-1 жана 15-1-беренелер кошулду.

🏦 “Банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамга банктарга санарип сом менен операцияларды жүргүзүү боюнча талаптар киргизилди.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x