🌱 Кыргызстанда жазгы талаа иштери 657,1 миң гектар аянтты камтыды.
🌾 Буудай 101,9 миң гектарга себилип, пландалган көлөмдүн 99% түздү.
🌿 Арпа 228,4 миң гектарга себилип, дээрлик 95% аткарылды.
🌽 Жүгөрү 105,8 миң гектарга себилип, өткөн жылдагыдай 98% деңгээлде калды.
🥔 Картошка 63,6 миң гектарга себилип, 96% жетишилди.
🥕 Жашылча-жемиштер 53,0 миң гектар аянтка себилип, 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көбөйдү.
🍉 Бахча өсүмдүктөрү 12,2 миң гектарга себилип, өткөн жылга караганда 1,16 миң гектарга көбөйдү.
🌻 Май өсүмдүктөрү 12,7 миң гектарга себилип, өткөн жылдагыдай деңгээлде калды.
🍬 Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында кант кызылчасы 13,0 миң гектарга себилип, иштер аяктоо алдында турат.
🛠️ Министрлик себүү кампаниясын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү үчүн бардык агротехникалык чаралар көрүлгөнүн белгилейт. Иштин жүрүшү тыкыр көзөмөлдөнүп, заманбап технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.