[adrotate_integration id=”2″]
🚗 Кыргызстанда “За рулём” аттуу рейд башталды. Бул иш-чара коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.
👮♂️ Рейд сентябрь айынын аягына чейин өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлөт. Бул мезгилде жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.
⚠️ Айрыкча, ылдамдыкты ашырган, агрессивдүү айдаган жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга өзгөчө көңүл бурулат.
📅 Иш-чаранын максаты – коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын болтурбоо.






