[adrotate_integration id=”2″]
🌱 Кыргызстандын айыл чарба министрлиги жарандарга түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн топуракты текшерүүгө кайда кайрылса болорун билдирди.
🔬 Кыргызстанда топуракты лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүү үчүн Айыл чарба министрлигинин Химизация, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториялары иш алып барат.
📍 Топурак үлгүлөрүн анализге тапшырууну каалагандар үчүн эки негизги лаборатория бар: Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы борбордук лаборатория жана Ош шаарындагы адистештирилген лаборатория.
🧪 Топуракты изилдөөнүн негизги максаты – азот, фосфор, калий сыяктуу азык элементтеринин деңгээлин жана органикалык заттардын курамын аныктоо.
🌾 Алынган маалыматтар фермерлерге туура жер семирткичтердин түрүн жана дозасын тандоого жардам берип, бул түшүмдүүлүктү жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга шарт түзөт.










