📜 Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын бир нече кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.
⚖️ Мыйзам долбоорунда негизги көңүл ата-энелерге жана бойго жеткен балдарга алимент төлөө боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жазаны катаалдаштырууга багытталган.
👨👩👧👦 Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери депутаттар Тазабек Икрамов, Нилуфар Алимжанова жана башкалар болушту.
🔍 Ошондой эле Кылмыш-процессуалдык кодексине кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды.
🔒 Бул чаралар укук коргоо органдарынын ишин оптималдаштырууга жана өлкөдөгү адам укуктарын коргоо практикасын жакшыртууга багытталган.