📊 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү уруксат документтерин инвентаризациялоо жана баалоо боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү.
🔍 Жыйында 2025-жылдын 30-июнундагы Министрлер кабинетинин №552-р буйругун аткаруу максатында жүргүзүлүп жаткан “регулятордук гильотина” реформасынын алдын ала жыйынтыктары сунушталды.
🗂 Реформанын негизги багыттары: уруксат документтеринин кайталануусун жана бөлүнүшүн жоюу, эскирген жана колдонулбаган формаларды жок кылуу, окшош уруксаттарды бириктирүү, процедураларды санариптештирүү жана жөнөкөйлөтүү, жаңы мыйзамдар жана эл аралык милдеттенмелер менен шайкеш келтирүү.
📉 Инвентаризациянын жыйынтыгында уруксат документтеринин саны 905тен 496га чейин кыскартылды, бул 45% ашык оптимизацияны түзөт.
💼 Бизнес коомчулугунун 16 документ боюнча сунуштары эске алынып, күчүн жоготкон нормативдик укуктук актылар тизмесине киргизилди.
📑 Даярдалган документтер топтому Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине бекитүү үчүн жөнөтүлөт. Кабыл алынгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын иштеп чыгуу каралат, ал уруксат документтеринин бир бөлүгүн жокко чыгарууну камтыйт.
📈 Калган процедураларды жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу боюнча иштер профилдик мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин туруктуу көзөмөлү алдында жүргүзүлөт.






