🧑🎓 Жаш үй-бүлөлөрдү жана ата-энелерди колдоо максатында жаңы окуу программалары сунушталууда.
📉 Жаштардын “Үй-бүлө” багытындагы бакубаттуулук индекси 2017-жылдан 2022-жылга чейин 0,62ден 0,52ге чейин төмөндөдү.
💔 Акыркы жылдары ажырашуулардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өстү. 2021-жылы ажырашуулар 2020-жылга салыштырмалуу 31,8% көбөйгөн, ал эми 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 35% өскөн.
👨👩👧👦 Өлкөнүн бардык аймактарынан 50 үй-бүлөлүк жуп тандалып, эки күндүк тренингдерге катышат. Мамлекеттик органдар бул курстарды өткөрүү менен катар кеңеш берүүчү, методикалык жана маалыматтык колдоо көрсөтүүнү пландаштырууда.
🔑 Жаш үй-бүлөлөрдүн социалдык жана экономикалык кыйынчылыктарга туруктуулугун жогорулатуу, ажырашууларды жана үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу, ата-энелерге жоопкерчиликтүү тарбиялоо жана натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрүн калыптандыруу, жаштардын мамлекеттик колдоого болгон ишенимин бекемдөө күтүлүүдө.






