📰 Бишкекте жашаган жаран, Ысык-Көл облусундагы 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүргөнүн моюнга алды.
🚔 2025-жылдын 27-сентябрында Барскоон айылынын тургуну Т.А. жана Тоң районунун тургуну К.Н. өздөрүнүн тууганы, 2008-жылы туулган М.А. Караколго курбусуна кеткенден кийин кайтып келбегенин билдирип, милицияга кайрылышкан.
🔍 Милиция бул окуяны каттоого алып, алдын ала текшерүү жана издөө иш-чараларын баштаган.
👮♂️ Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү Бишкекте кармалып, ал 1984-жылы туулган А.К. экени аныкталган.
💔 Алдын ала суракта А.К. 27-сентябрда М.А.га карата зомбулук көрсөтүп, зордуктап, андан кийин мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана анын денесин Чүй облусунун Кемин районуна алып кеткенин айткан.
📚 Бул факт Джети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголгон.
🕵️♂️ Азыркы учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, кылдат жана ар тараптуу тергөө иштери жүргүзүлүүдө.






