🌍 Кыргызстанда жер амнистиясына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктады. Бул иш-чара жер амнистиясынын объекттерине укуктук макам берүү жана аларды мыйзамдаштыруу максатын көздөйт.
📄 Программа башталгандан бери республика боюнча 170 миң 766 арыз келип түшкөн. Булардын ичинен 76 миң 643 арыз боюнча жер участокторун мыйзамдаштыруу чечими кабыл алынган.
🏢 Жер агенттиги тарабынан 64 миң 942 мамлекеттик акт жана 43 миң 278 техникалык паспорт берилген.
🌾 Жер амнистиясына кирген участоктордун жалпы аянты 10 миң 338 гектарды түзөт.
🔍 Жер амнистиясы жерге болгон укуктарды мыйзамдаштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.