🔌 Кыргызстанда 2025-жылдын башынан бери 332 миң “акылдуу” эсептегичтер орнотулду. Бул демилге Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынып, улуттук энергетикалык системаны модернизациялоого багытталган.
📈 Бул долбоордун негизги максаттарынын бири – электр энергиясын эсепке алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу, электр менен жабдуунун сапатын жакшыртуу жана тармакта санарип инфраструктурасын өнүктүрүү.
💡 “Акылдуу” эсептегичтер электр энергиясын онлайн режиминде эсептөөгө, мүчүлүштүктөрдү тез аныктоого, уруксатсыз туташууларды алдын алууга жана так эсептөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
⚡ Жаңы система керектөөчүлөргө өз энергия керектөөсүн натыйжалуу башкарууга жардам берип, ресурстарды рационалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
🛠️ 2025-жылдын аягына чейин НЭСК дагы 169 миң “акылдуу” эсептегичтерди орнотууну пландап жатат, бул жалпы санды 500,1 миңге жеткирмекчи. Бул орнотуулар өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон айылдарды камтыйт.






