🌄 Туризмди өнүктүрүү фонду жана Туризм департаменти тоо жолдорун өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча иш-чара өткөрүштү.
🗺️ Жолугушууда Кыргызстандын Жөө Туризм Союзу, SWITCH-Asia программасы, фонддун инфраструктуралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Нурлан Касымов жана Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын президенти Айша Мамбеталиева катышты.
🌿 Бар болгон маршруттарды кеңейтүү, өлкө боюнча жаңы эко-жолдорду киргизүү, навигация жана коопсуздукту жакшыртуу боюнча маселелер талкууланды.
🌍 Инфраструктураны өнүктүрүү менен Кыргызстандын табигый мурастарын сактоо ортосундагы гармонияга өзгөчө көңүл бурулду.
🚶♂️ Жаңы маршруттарды түзүү жана изилдөө, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана табиятка минималдуу таасир берүү боюнча чараларды иштеп чыгуу маселелери көтөрүлдү.
🌲 Тоолуу аймактардын тазалыгын сактоо жана табияттын ар түрдүүлүгүн коргоо боюнча иш-чаралар иштелип чыгат.






