🐄 Кыргызстанда тирүү малдын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу кескин кыскарды.
📉 2025-жылдын башынан бери өлкөдөн 30 493 баш ири мүйүздүү мал, 31 781 кой жана эчки, 1 636 жылкы экспорттолгон.
📊 2024-жылдын ушул эле мезгилинде 77 907 баш ири мүйүздүү мал, 70 392 кой жана эчки, 5 113 жылкы экспорттолгон.
🔻 Экспорттун кыскарышы: ири мүйүздүү малдын экспорту 47 414 башка, кой жана эчкинин экспорту 38 611 башка, жылкынын экспорту 3 477 башка азайган.
💼 Бул өзгөрүүлөр эт бааларынын негизсиз өсүшүн алдын алуу жана калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында мамлекеттик саясаттын алкагында киргизилген чектөөлөрдүн натыйжасы болуп саналат.






