🏅 Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаш спортчусу Альхам Абдирасулов Афинада өтүп жаткан 17 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
🤼♂️ Альхам Абдирасулов 55 кг салмак категориясында Кыргызстандын атынан чыгууда.
🇰🇿 Алтын медаль үчүн финалда казакстандык Нурали Аскар менен беттешет.
🇮🇳 28-июлда Альхам индиялык Адитья Гуптаны 6:5 эсебинде жеңип, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алды.
⏰ Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча 29-июлда саат 21:00дө башталат.






