🤼♂️ Грецияда 28-июлда 17 жашка чейинки кадеттер арасында спорттук күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Кыргызстандык жаш спортчулар греко-рим, аялдар жана эркин күрөш боюнча күч сынашат. Мелдештер 28-июлдан 3-августка чейин өтөт.
🤼♂️ Греко-рим күрөшү боюнча Кыргызстандык спортчулар арасында Нуркерим Кумарбеков (45 кг), Жанарбек Сейитов (48 кг), Ислам Курбанов (51 кг) жана башка таланттуу балбандар катышат. Команданы улук машыктыруучу Дастан Муктаров жетектейт.
🤼♀️ Аялдар күрөшүндө Асема Асангараева (40 кг), Айза Таалайбекова (43 кг), Аяна Ниязбекова (46 кг) сыяктуу спортчулар Кыргызстандын намысын коргошот. Улук машыктыруучу Нурсултан Аскарбеков.
🤼♂️ Эркин күрөш боюнча Арнур Нурсаидов (45 кг), Довудбек Бахадиров (48 кг), Садыр Кайыпбеков (51 кг) жана башка балбандар күч сынашат. Команданы улук машыктыруучу Надырбек уулу Улан жетектейт.
📅 Мелдештин графиги: 28-29-июль греко-рим күрөшү, 30-31-июль аялдар күрөшү, 1-2-август эркин күрөш. Биринчи күнү алдын ала жана жарым финалдык кармаштар өтөт, экинчи күнү утешительный, финалдык жана үчүнчү орун үчүн кармаштар болот.






