🇰🇬 Кыргызстандын курама командасы Хорватияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу КРнын Физикалык маданият жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
🤼♂️ Чемпионат 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин Загреб шаарында өтөт.
👥 Кыргызстандын курама командасынын курамында: Бекзат Алмаз уулу (57 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Икромджон Хаджимурадов (65 кг), Эрназар Акматалиев (70 кг), Орозбек Токтомамбетов (74 кг), Мухаммад Абдуллаев (86 кг) бар.
🏆 Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Мирахимов, ал эми улук машыктыруучу Эламан Догдурбек уулу болуп саналат. Жаштар (U23) курама командасынын улук машыктыруучусу Ильгиз Жакыпбеков.
🌍 Бул чемпионат кыргызстандык спортчулар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат жана алар эл аралык аренада өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүүгө даяр.






