

[adrotate_integration id=”2″]
🥇 Азербайжанда өткөн III КМШ Оюндарында Кыргызстандын жаш греко-рим күрөшчүлөрү ийгиликтерге жетишти.
🤼♂️ Бишкектен барган беш спортчу Кыргызстандын намысын коргоп, ар кандай салмак категорияларында күч сынашты.
🥈 55 кг салмак категориясында Рамазан Гасанов күмүш медаль утуп, экинчи орунду ээледи.
🥉 48 кг салмакта Элимбек Абдыкеримов, 51 кг салмакта Бекназар Эмилбеков жана 65 кг салмакта Иличбек Абдуллаев коло медалдарды багындырышты.
🏆 Жалпысынан Кыргызстандын греко-рим күрөш боюнча курама командасы төрт медаль алып, өзүнүн күчүн дагы бир жолу далилдеди.






